1-декабрдан тарта Кыргызстанга киргенде милдеттүү түрдө ПЦР-тесттен өтүү талабы киргизилет

30.11.2021, 09:00 Акчабар
1-декабрдан тарта Кыргызстанга киргенде милдеттүү түрдө ПЦР-тесттен өтүү талабы киргизилет

Министрлер кабинети 2021-жылдын 1-декабрынан тартып өлкө аймагында коронавирустук инфекциянын жаңы штаммынын (омикрон) жайылышын алдын алууга багытталган иш-чаралардын ишке ашырыла турганын билдирди.

Кыргызстанга кирүү үчүн чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар эмдөө статусуна карабастан өлкөгө келер алдында алар менен бирге коронавирустук инфекцияга ПЦР тестинен өтүшү жана терс тесттен өтүшү керек.

Жаңы штамм тууралуу маалыматтын негизинде, аны андан ары жайылышын болтурбоо боюнча чараларды көрүү максатында Саламаттык сактоо министрлиги жаңы омикрон штаммынын инфекциясынын очоктору аныкталган өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзөт. 

"Министрликтерге жана ведомстволорго COVID-19нун жаңы штаммына байланыштуу республикадагы эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткен учурда толук даярдыкта болуу тапшырмасы берилди", — деп билдирди министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Эске салсак, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен COVID-19 жаңы штаммы боюнча шашылыш консультация өткөрүлгөн.

Тэги: ПЦР въезд на территорию КР кабмин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу