Салык кызматы «Электрондук эсеп-фактура» маалыматтык системасын бизнес менен тестирлөөнү жаңыртты

28.05.2020, 12:30 Акчабар
Салык кызматы «Электрондук эсеп-фактура» маалыматтык системасын бизнес менен тестирлөөнү жаңыртты

Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорго катышып жаткан салык төлөөчүлөрдүн демилгечи тобу менен биргеликте өткөрүлүп жаткан «Электрондук эсеп-фактура» маалыматтык системасын тестирлөөнү жаңыртты.

 

Бизнес менен жума сайын жолугушуулар өлкөдөгү коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы чаралардын алкагында киргизилген өзгөчө кырдаал режимине, айрым аймактарда өзгөчө абал режимине байланыштуу, март айынын аягында убактылуу токтотулган.

Ошол эле учурда маалыматтык системанын иштөөсүн оптималдаштыруу жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн сунуштарын жоюу боюнча иштер аралык режиминде улантылды.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2019-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө 2731 компания пилоттук долбоорго катышып жатат.

2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет бардык КНС төлөөчүлөргө, товарларды импорттоочуларга жана экспорттоочуларга жайылтылат.

Буга байланыштуу Салык кызматы КНС төлөөчүлөрдү, импорттоочуларды жана экспорттоочуларды электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтүүгө күн мурунтан даярданууга жана зарыл болгон учурда өзүнүн эсептик бухгалтердик системаларын толуктап иштеп чыгууну баштоого чакырат.

Пакеттик жүктөөлөрдүн бардык зарыл болгон форматтары, алардын сыпаттамасы, ошондой эле электрондук эсеп-фактураларды колдонмолор МСКнын www.sti.gov.kg сайтында жайгаштырылган. Мындан тышкары, салык төлөөчүлөрдү окутуу үчүн тесттик аянтча мурдагыдай эле www.testesf.salyk.kg шилтемеси боюнча иштеп жатат.

Тэги: ГНС КР счет-фактура налоги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу