2021 жылдан тарта бажылык декларациядагы товарлардын келип чыгуусу тууралуу маалыматтар өзгөрөт

22.07.2020, 11:41 Акчабар
2021 жылдан тарта бажылык декларациядагы товарлардын келип чыгуусу тууралуу маалыматтар өзгөрөт

2021-жылдын 1 январынан тарта ЕАЭБ бажылык аймагына товарларды киргизип жатып, сырткы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары бажылык декларацияда товарлардын преференциалдык жана преференциалдык эмес келип чыгышы тууралуу маалыматтарды көрсөтө алышат. Бул тууралуу ЕЭКнын сайтында айтылат.

Бул үчүн декларацияда буга чейин болбогон 34 графадагы «Келип чыккан өлкөнүн коду» бөлүмү киргизилет.

Аталган өзгөрүүлөр ЕЭКтин 2019 жылдын июлундагы коллегиясында кабыл алынгандыгы айтылат. Алар товарлардын келип чыгуусун жана өзгөчөлүктөрүн аныктай турган эрежелерге туура келүүсүн көздөйт. Муну менен декларацияны толтуруу мурункудан оңой жана түшүнүктүү болот, ал эми сырткы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары товарлары тууралуу болгон маалыматты тартуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

 

Тэги: таможенная декларация ЕАЭС товары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу