2019-жылдын акыркы 8 айында Кыргызстандын мамлекеттик карызына 16.2 млрд. сом (232 млн$) бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлайт.
Мамлекеттин тышкы карызы – 8 млрд. 398.5 млн. сомду түзөт, анын ичинен 2 млрд. 354 млн. 326.2 миң сому – пайызы болуп эсептелет.
Мамлекеттин ички карызы – 7 млрд 805.5 млн. сомду түзөт, анын ичинен пайызы – 2 млрд. 768 млн. 580.3 миң сомду түзөт.