Ушул айдын башынан бери дизель майы 3,3%га кымбаттады

24.08.2022, 13:04 Акчабар
Ушул айдын башынан бери дизель майы 3,3%га кымбаттады

Кыргызстанда август айында дизель майынын орточо баасы 71 сомдон ашты. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Ай башынан бери дизель майы 3,3% кымбаттады. Алсак, айдын башында күйүүчү май 70,53 сом болсо, 19-августта баалар 72,87 сомго көтөрүлгөн.

Ошол эле учурда дизель отунун эң жогорку баасы Исфана жана Баткен шаарларында катталды – литрине 77,63 сом жана 77,65 сом.

Кошумчалай кетсек, 24-августка карата "Роснефть" дизель майын 72,20 сомдон, "Бишкек петролеум" 73,60 сомдон сатып жатат.

Тэги: дизельное топливо Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу