Жыл башынан бери «Кепилдик фонду» аялдардын бизнесин 353 млн сомго колдогон

13.04.2023, 13:23 Акчабар
Жыл башынан бери «Кепилдик фонду» аялдардын бизнесин 353 млн сомго колдогон

"Кепилдик фонду" жыл башынан бери аялдардын ишкердигин колдоого 353 миллион сомдон ашык суммага 529 кепилдик берди.

Бул ишкерлерге 754,9 миллион сом өлчөмүндө насыя алууга мүмкүндүк берди.

"Фонддун ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилинде аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 1,7 миллиард сомго 1 миң 570 кепилдик берилип, анын натыйжасында ишкерлерге 5,2 миллиард сомдон ашык суммада банктык кредиттер берилген", — деп айтылат фонддун маалыматында.

"Кепилдик фонду" ААКнын кызматынан пайдаланган аялдар өлкөнүн аймактарындагы дээрлик бардык тармактардын, анын ичинде экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу тармактардын – тигүүчүлөр, айыл чарба өндүрүүчүлөрү, кайра иштетүүчүлөр болуп саналат.

Тэги: новости Кыргызстана Гарантийный фонд женское предпринимательство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу