Жыл башынан бери «Кумтөр» Кыргызстандын бюджеттине 11,7 млрд сом которду

15.12.2021, 17:24 Акчабар
Жыл башынан бери «Кумтөр» Кыргызстандын бюджеттине 11,7 млрд сом которду

“Кумтөр” ишканасы Каржы министрлигинин кызматкерлери өз жетекчилигине толук маалымат бербей жатканына таң калууда. Чындыгында, Алмаз Бакетаев алтынды сатуудан түшкөн кирешенин 13 пайыз түзгөн дүң кирешеге болгон салык боюнча гана маалыматтарды жарыялап, республикалык бюджетке түшкөн башка бардык салыктар боюнча маалыматтарды көрсөткөн эмес. Бул тууралуу алтын өндүрүүчү компаниядан билдиришти. 

Компания каржы министрлигинин ушул жылдын 11 айындагы маалыматына комментарий берип жатып, дүң кирешеге салык иш жүзүндө 6 млрд 998 млн сом төлөнгөнүн, ал эми планда 6 млрд 916 млн сом каралганын билдирди.

“Азыр эле чегерүүлөрдүн бул түрү боюнча план ашыгы менен аткарылганы көрүнүп турат. Жалпысынан 11 ай ичинде 11 млрд 714 млн сом социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн кошкондо салык төлөндү. Ошол эле мезгилде 8 млрд 2 млн сом өлчөмүндө төлөмдөр каралган”, - деп билдирди “Кумтөр Голд Компанисы”.

Ишканадагылар жыл аягына чейин мурда жарыяланган планды 1,5 эсеге ашык аткарууну жана бюджетке 13 млрд сом өлчөмүндө салык төлөөнү пландаштырып жатканын баса белгиледи.

Тэги: Кумтор Голд Компани бюджет налоги экономика Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу