Жыл башынан бери салык кызматынын онлайн кызматынан 6,8 млн колдонуучу пайдаланган

28.06.2021, 13:30 Акчабар
Жыл башынан бери салык кызматынын онлайн кызматынан 6,8 млн колдонуучу пайдаланган

Жыл башынан бери 6 миллион 877 миң 927 адам Мамлекеттик салык кызматынын веб-сайтынын кызматынан пайдаланган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, колдонуучулардын саны жылдан жылга өсүүдө. 2020-жылы сайттын кызматтары дээрлик 11 миллион жолу, 2019-жылы 8,5 миллиондон ашык жолу колдонулган, 2018-жылы 6,3 миллион колдонуучу сайтка кирген. Бул мекеменин сайтынын кызматтары 3,5 миллион жолу колдонулган 2017-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп.

Өткөн жылдардагыдай эле, бул жылы дагы расмий сайтта электрондук кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле отчеттордун формалары, салык төлөөчүлөрдүн кеңсеси, электрондук эсеп-фактуралар, билим базасы жана башка кызматтар акуталдуу болгон.

Тэги: ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу