Ушул жылдын январь-июль айларында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан Кыргызстандын республикалык бюджетине иш жүзүндө 7 миллиард 878,1 миллион сом түшкөн, деп жазды Экономика жана финансы министрлиги.
Адаттагыдай эле, каражаттын көбү мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу аркылуу казынага түштү, алар жалпы көлөмдүн 96,5% ын түзөт.
Мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруунун эсебинен 268,9 миллион сом тартылган.