Ушул жылдын январь-май айларында мамлекеттик баалуу кагаздарды - казыналык векселдерди жана облигацияларды чыгаруудан - Кыргызстандын республикалык бюджетине иш жүзүндө 7 104,9 млн сом түштү.
Анын ичинен 12 айлык мамлекеттик казыналык векселдерди жайгаштыруунун эсебинен 248,3 млн сом, ал эми 6 млрд 856,6 млн сом - мамлекеттик казыналык векселдер.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, 15-июнга карата Кыргызстандын ички карызы 59 миллиард 822 миллион 224,1 миң сомду түздү. Эки жарым жуманын ичинде ал 688,7 миллион сомго көбөйдү.