ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде 2021-жылдын январь-июль айларында жалпы аянты 54,6 миллион чарчы метр жер пайдаланууга берилген. ЕЭКтин маалыматы боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 26,4%ды түздү.
Турак-жай курулушунун өсүшү ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерде белгиленди. Эң чоң көрсөткүч 91,4% менен Арменияда болду. Кыргызстанда турак-жайларды пайдаланууга берүү 46,4%га өстү.
Орусияда турак-жай аянтын пайдалануу бир жылдын ичинде 30%га, Беларусь 14,9%, Казакстанда 10,3%га өстү.