Жыл башынан бери товарларды маркировкалоо үчүн дээрлик 218 млн код берилди

02.11.2022, 17:15 Акчабар
Жыл башынан бери товарларды маркировкалоо үчүн дээрлик 218 млн код берилди

Быйыл тогуз айда “Товарларды маркировкалоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму санарип идентификациялоонун жардамы менен товарларды маркалоо үчүн 217,8 млн кодду чыгарды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Анын ичинен тамеки буюмдарына 194,7 миллион код, алкоголдук продукцияга 23 миллион, жеңил өнөр жай продукциясына 95,4 миң жана бут кийимге 960 код берилген.

“Учурда 73 товар өндүрүүчү жана импорттоочу системада катталып, маркалоо коддорун алышат”, - деп белгилейт Мамлекеттик салык кызматы.

Эске салсак, 2021-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда алкоголдук жана тамеки продукцияларын милдеттүү түрдө маркировкалоо киргизилген.

Мындан тышкары,  быйыл марттан бери пиво азыктарын, бөтөлкөдөгү сууну, суусундуктарды (канттуу, газдалган, энергетикалык суусундуктар) жана башка тамеки буюмдарын (кальян тамеки, жыттоочу тамекилерди) маркировкалоо боюнча пилоттук долбоор иштеп жатат.

Тэги: новости Кыргызстана маркировка товаров ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу