Жыл башынан бери дыйкандарга дээрлик 2 млрд сомго лизингге техника берилди

30.08.2022, 13:49 Акчабар
Жыл башынан бери дыйкандарга дээрлик 2 млрд сомго лизингге техника берилди

Жыл башынан бери айылдык товар өндүрүүчүлөргө 1 миллиард 677,3 миллион сомго 524 техника лизингге берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

“Айыл Банк” бул долбоорлордун аткаруучу оператору болуп саналат жана айыл чарба техникаларынын жана жабдууларынын бардык түрлөрү республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 7 жылдан 10 жылга чейинки жылдык 6-9% жеңилдетилген шарттарда сатылат.

Ошол эле учурда долбоор башталгандан бери айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге 7 миллиард 862,3 миллион сомго 4 миң 299 техника берилген.

Тэги: техника в лизинг МИнсельхоз КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу