Кыргызстандын мамлекеттик ички карызы мамлекетти казыналкы баалуу кагаздар боюнча 20-январга карата 55 млрд 571 млн 922 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Анын ичинен үстүбүздөгү жылдын январь айында 5 жылдык баалуу кагаздардын эсебинен 2 млрд 687.5 млн сом тартылган.
Кошумчалай кетсек, 22-январда Улуттук банк аукциондо 750 млн сомго 10 жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды жайгаштырууну пландоодо.