Өкмөт: Израилдик лобби компания менен $1 млн келишим түзүлдү деген маалымат жалган

05.11.2020, 17:05 Акчабар
Өкмөт: Израилдик лобби компания менен $1 млн келишим түзүлдү деген маалымат жалган

Маалыматтык порталдардагы «Президент С.Жапаровдун аппаратынын атынан бизнесмен израилдик лоббист менен $1 млн долларга келишим түздү» аттуу жарыялоого тийиштүү маалыматты, президенттин басма сөз катчысы чындыкка дал келбесин билдирди. 

«Аталган маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын гана эмес, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келээрин белгилеп кетебиз. Өкмөт жеке компаниялардын келишимдерин жөнгө салбайт жана эл аралык аянттарда өз кызыкчылыгын сүрөөгө муктаж эмес, анткени, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык эл аралык уюмдар менен ишенимдүү мамилеге ээ. Андыктан, аталган маалымат чындыкка жатпайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун ар-намысына шек келтирет», - деп жазылат маалыматта.  

 

Өкмөт маалымдагандай, эл аралык инвесторлор менен иш алып баруу боюнча ар кандай чечимдер Кыргыз Республикасынын мамлекетинин жана элинин кызыкчылыгын эске алуу менен гана кабыл алынат. 

Тэги: контракт Садыр Жапаров Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу