Садыр Жапаров «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамга кол койду

12.08.2021, 09:20 Акчабар
Садыр Жапаров «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамга кол койду

Президент "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамдын негизги максаты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн укуктук шарттарды түзүү жана МЖӨ субъектилери үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүү болуп эсептелет.

Мыйзам МЖӨ долбоорун ишке ашырууга материалдык жана материалдык эмес активдер түрүндө катышуу мүмкүнчүлүгүн карайт.

Мыйзам менен МЖӨ долбоорлорун пилоттук түрдө ишке ашырууну жөнгө салган «кум аянтча долбоор» атайын жөнгө салуучу режими каралган, ошондой эле МЖӨ долбоорун демилгелөө жол-жоболору жана конкурстарды өткөрүүнүн стадиялары жакшыртылды.

 

 

 

 

Тэги: ГЧП Садыр Жапаров закон КР президент КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу