Садыр Жапаров ЖККУнун жыйынына катышат

23.08.2021, 09:40 Акчабар
Садыр Жапаров ЖККУнун жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров Ооганстандагы кырдаал боюнча Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди. 

Онлайн жолугушуу бүгүн болот. Анда Ооганстандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасири, ошондой эле мүмкүн болуучу чек ара чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешкен эффективдүү жооп берүү пландаштырылган.

Сессия Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында өтөт.

Иш-чарага Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын башчысы Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась катышаары күтүлүүдө.

 

Тэги: экономика ОДКБ Афганистан Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу