Мамлекеттик кызматкерлер 30% га кыскарды

29.06.2021, 12:26 Акчабар
Мамлекеттик кызматкерлер 30% га кыскарды

Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттик администрациянын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик мекемелердин, башка мамлекеттик аткаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, президенттин карамагындагы мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин 30% кыскартылат.

Өкмөткө жумуштан бошотулган жумушчуларга жөлөк пул төлөп берүү, ал эми үнөмдөлгөн акчаны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүүгө жумшоо тапшырылды.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңешке, Жогорку жана Конституциялык сотторго, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызматкерлердин санын 30% чейин кыскартуу боюнча иш алып баруу сунушталды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тэги: сокращение Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу