Саламаттык сактоо министрлиги 200 млн сомго дары сатып алат

03.03.2023, 09:28 Акчабар
Саламаттык сактоо министрлиги 200 млн сомго дары сатып алат

Быйыл Саламаттык сактоо министрлиги кант диабетине каршы дары-дармектерди жана ага тиешелүү каражаттарды 200 миллион сомго сатып алууну пландоодо.  Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, учурда дары-дармектерди сатып алуу иштери жүрүп, Эндокринологиялык борбордун арызынын негизинде техникалык шарттар даярдалууда. 

Эске салсак, 2022-жылдын соңку айына карата Кыргызстанда расмий түрдө кант диабети менен ооруган 74 810 бейтап катталган. Бул өлкө калкынын 1%ын түзөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жыл сайын кайрылгандардын саны 5-7 миң адамга көбөйүүдө.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу