Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу «СМАРТ Салым» бренди менен улантат

28.08.2020, 14:15 Акчабар
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу «СМАРТ Салым» бренди менен улантат

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорлорун ишке киргизүүнү «СМАРТ Салым» бренди менен улантат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

«СМАРТ Салым» фискалдаштыруунун бирдиктүү концепциясы премьер-министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги алдында өткөн Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңештин жыйынында презентацияланды.

Концепцияда азыркы учурда салык чөйрөсүндө ишке ашырылып жаткан фискалдаштыруунун бардык багыттары камтылган жана алар улуттук баалуулуктарды жана салттарды эске алуу менен иштелип чыккан бир стилистикага бириктирилген.

Аталышы өлкөнүн бардык экономикасындагы жана жашоо-турмушундагы өзгөрүүлөрдү жана салттуу салык салуунун алкагынан чыгууну болжолдогон «СМАРТ» деген аббревиатурадан жана «Салым» деген сөздөн турат. Бюджетке түшкөн салыктын ар бир сому экономиканы жакшыртууга жана мамлекетти өнүктүрүүгө багытталат. Демек, ар бир салык — бул биздин өлкөнүн жаркын келечегине кошкон салым болуп саналат (Салым).

«СМАРТ» аббревиатурасы төмөнкүдөй чечмеленет: С – «санариптүү», М – «маанилүү», А – «адилеттүү», Р – «рационалдуу», Т – «таза».

Бул терминдер долбоордун максаттарын жана милдеттерин, анын ичинде "Санарип Кыргызстан – 2019-2023" концепциясынын аткарылышын, эл аралык экономикалык аренадагы Кыргызстандын позициясын бекемдөөнү, жаңы программаларды санариптештирүүнүн жана ишке киргизүүнүн натыйжасында бюджетти натыйжалуу бөлүштүрүүнү, ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү, көмүскө экономика жана коррупция менен күрөшүүнү чагылдырат.

Долбоордун логотибинде курактын салттуу элементтери, байыркы улуттук тигүү техникасы колдонулган. Курак бул учурда бир нече программадан турган ири долбордун бир нече компоненттеринин бирикмесин символдоштуруп, үй-бүлөлүк бейпилдиктин сакталышын, ата-бабаларыбыздын материалдык жана маданий мурастарынын топтолушун, каада-салттарынын улантылышын чагылдырып турат.

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу – «Санарип Кыргызстан»  санариптик трансформациялоо концепциясынын этаптарынын бири болуп саналат жана бир нече багыттарды өзүнө камтыйт: электрондук эсеп-фактураларды, май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасын, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды, товарларды маркалоону, ККМ-онлайн жана башка системаларды ишке киргизүү. Аталган компоненттерди ишке ашыруу – Салык кызматынын сервистик тейлөөсүн оптималдаштырууга, салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын сапаттуу коргоого шарт түзүп, дүйнөлүк тенденцияга ылайык заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөргө жетүүнү камсыз кылат.

«СМАРТ Салым» – бул өлкөнүн келечегине мыкты салым!

Тэги: салык кызматы МСК жол-жоболор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу