Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүн Бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу ала баштады

22.01.2021, 15:10 Акчабар
Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүн Бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу ала баштады

Мамлекеттик салык кызматы Финансы министрлигинин Бирдиктүү казыналык эсеби аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл ала баштады. Бул тууралуу салык кызматынан билдиришти. 

 

 

Белгилей кетсек, мурда Салык кызматы тарабынан чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары  Социалдык фондунун алыш-бериш эсептеринде топтолгон.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл алуунун жаңы ыкмасы Социалдык фонддун бюджетинин киреше бөлүгүнүн операцияларын  Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын борбордоштурулган эсебине которуу аркылуу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүүгө багытталган.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү үчүн эсептердин тизмеси МСКнын www.sti.gov.kg («Билим базасындагы» «Камсыздандыруу төгүмдөрү» бөлүмү) сайтында жайгаштырылган.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп жатканда төлөөчүлөр аларды туура чегерүү үчүн алыш-бериш эсептеринин тиешелүү реквизиттерин көрсөтүүгө тийиш.

Ошону менен бирге камсыздандыруу төгүмдөрү камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бюджеттик классификациянын төлөмдөрүнүн кодуна ылайык төлөнүшү керек. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөмдүн суммасы ар бир төлөмдүн коду боюнча өзүнчө жүргүзүлөт. Алардын ичинен:

12111110 – пенсиялык фонд, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү;

12111120 – Полистер боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү (Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунан тышкары);

12111130 – юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү;

12111210 – мамлекеттик топтоо пенсиялык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү;

12111220 – мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду боюнча полистер боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү;

14321100 – камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана толук эмес которгондугу үчүн эсептелген туумдар жана айыптар;

14111700 – камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтүн узартуу үчүн пайыздар.

Тэги: Финансы министрлиги Бирдиктүү казыналык эсеп

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу