Салык кызматы бизнес-акыйкатчы институту менен кызматташууга даяр

25.09.2020, 09:15 Акчабар
Салык кызматы бизнес-акыйкатчы институту менен кызматташууга даяр

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев бизнес-акыйкатчынын орун басарлары Нурлан Мусуралиев жана Сергей Пономарев менен жолукту. Бул тууралуу салык кызматынан билдиришти. 

 

Жолугушууга ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары, ведомствонун түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери жана бизнес-акыйкатчы институтунун адистери катышышты.

Жолугушуунун катышуучулары салыктык башкаруу, ишкерлердин аймактык салык органдары менен өз ара аракеттешүүсү, ошондой эле белгиленген маселелерди биргеликте чечүү максатында мамлекеттик орган менен бизнес-акыйкатчы институтунун ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты.

Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев бизнес-акыйкатчы институту менен конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин, бул ак ниет бизнестин пайдасына гана бара тургандыгын билдирди.

Ал салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана ак ниетсиз ишкерлерди көмүскөдөн чыгаруу боюнча фискалдык органдын иштери жөнүндө кыскача маалымат берди. Бул максатта салык кызматынын жетекчиси белгилегендей, «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоору ишке ашырылууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныкташты, бул үчүн салык кызматынын жана бизнес-акыйкатчы институтунун жетекчилеринин жана адистеринин жолугушууларын үзгүлтүксүз негизде өткөрүү чечилди.

Тэги: салык кызматы төрага Кабыл Абдалиев бизнес-акыйкатчы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу