Салык кызматкерлери дистанттык негизде пилоттук окуудан өтүштү

22.10.2019, 17:00 Акчабар
Салык кызматкерлери дистанттык негизде пилоттук окуудан өтүштү

Мамлекеттик салык кызматынын 200гө жакын кызматкери дистанттык негизде пилоттук окуудан өтүштү. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окутуу Япон эл аралык кызматташтыктын агенттиги (JICA) менен биргеликте ишке ашырылып жаткан "МСКнын кадрдык потенциалын өнүктүрүү системасын жакшыртуу" долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Бир айдын ичинде угуучулар долбоордун экинчи этабынын алкагында эки багыттагы дистанттык окутуу жолу менен квалификациясын жогорулатышты. “КР салык мыйзамдары” курсу Салык кызматына биринчи жолу кабыл алынган кызматкерлер жана кенже инспектордук курам үчүн даярдалган. “КР салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” курсунун угуучулары Салык кызматынын жетектөөчү курамы жана орто инспектордук звенодогу кызматкерлер болушкан.

Дистанттык (электрондук) окутуу системасынын жардамы менен салык кызматынын кызматкерлери смартфондун, ноутбуктун жана жеке компьютердин жардамы менен иш учурунда жана аз гана убакыттын ичинде өз квалификациясын жогорулатуу жана билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Салык кызматынын адистери тарабынан даярдалган дистанттык окутуунун форматы видео сабактар, ар бир тема боюнча тесттер жана жыйынтыктоочу тапшырмалар менен камтылган.
2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча “МСКнын кадрдык потенциалын өнүктүрүү системасын жакшыртуу” долбоору боюнча биргелешкен координациялык комитеттин IV отуруму болуп өттү, ал жерде долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү, анын ичинде пилоттук окутуунун жыйынтыктары каралып, ошондой эле жакынкы мезгилге карата пландар аныкталган.

Долбоорду ишке ашыруунун кийинки фазасында МСКнын жаштар аудиториясы анын ичинде жалпы билим берүүчү мектептердин чон класстары, орто окуу жайлардын жана экономикалык эмес багыттагы жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн МСКнын машыктыруучуларынын пилоттук окуусун киргизүү пландаштырылууда.

Эске сала кетсек, "МСКнын кадрдык потенциалын өнүктүрүү системасын жакшыртуу " долбоору салык кызматынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү жана дистанттык/электрондук окутууну киргизүү аркылуу калктын салыктык сабаттуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

 

Тэги: салык кызматкерлери дистанттык окуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу