Кыргызстанга бодо малды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар аныкталды

21.09.2020, 16:00 Акчабар
Кыргызстанга бодо малды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Тилек авто жолу» контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан ири мүйүздүү малды тийиштүү уруксат берүүчү документи жок ташып келе жаткандарды кармашты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

 

Тактап айтканда, 111 ири мүйүздүү малды алып өтүүгө аракет кылган автоунаалар кармалган. Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы жок болгон.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

 

Тэги: Мамлекеттик салык кызматы чек ара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу