Салык кызматы майып адамдар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча ишти улантууда

29.03.2021, 16:00 Акчабар
Салык кызматы майып адамдар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча ишти улантууда

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги «Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу үчүн эксперттик чечимдер» коомдук фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, бул иш-чара Салык кызматы тарабынан ушул жылдын февраль айында өткөрүлгөн «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн тренингдин уландысы болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун жүрүшүндө салык төлөөчүлөрдүн бардык категориясы үчүн ачылган электрондук салык кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү тууралуу пикир алмашышты, кызматтардын майып адамдар үчүн артыкчылыктарын жана кемчиликтерин белгилешти.

Фонддун директору Владимир Ганжела Салык кызматынын расмий сайтынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк деңгээли канаттандырарлык экендигин белгилеп өттү. Бирок ошол эле учурда сайттын майып адамдар үчүн жеткиликтүүлүгүнүн комплекстүү талаптарын эске албастан иштелип чыккандыгына байланыштуу, отчеттордун айрым түрлөрүн электрондук түрдө толтурууда жана берүүдө кыйынчылыктар болгондугу айтылды.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн электрондук патент жана камсыздандыруу полиси, салык төлөөчүнүн жеке кабинети, ошондой эле электрондук салык отчету сыяктуу жеткиликтүү салыктык инструменттер тууралуу айтып берди.

Ал мындан тышкары, Салык кызматы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн кызматтын расмий сайтынын жеткиликтүүлүгүнө эксперттик баалоо жүргүзүү, андан ары модернизациялоо жана салык кызматынын интернет булактарында кездешкен көйгөйлөрдү жоюу максатында, майып адамдар менен иштеген кызыктар тараптар менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаганга даяр экендигин белгиледи.

Тэги: салык кызматы МСК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу