"Салык Сервис" мамлекеттик мекеме түзүлдү

22.03.2022, 17:59 Акчабар
"Салык Сервис" мамлекеттик мекеме түзүлдү

Салык кызматынын алдында "Салык Сервис" мамлекеттик мекеме түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Бул мекеме жарандарга салык милдеттенмелерин аткаруу жана натыйжалуу башкаруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн.

"Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • салык органдарынын маалыматтык системаларын түзүү, өркүндөтүү, колдоо жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
  • салык органдары өз функцияларын аткарууга байланыштуу пайдаланган материалдык-техникалык базаларды коштоо, керек учурда камсыздоо,  ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргызстанга ташылып келген товарларды каттоо пунктарында мамлекеттик контролдоо жана эсепке алуу системаларын камсыз кылуу;
  • салык органдарынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл тармактар боюнча консультанттарды камсыз кылуу.

Тэги: ЕАЭБ салык милдеттенмелер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу