Самаркандда II Эл аралык «Agropro Expo 2023» көргөзмөсү өтөт

13.02.2023, 12:30 Акчабар
Самаркандда II Эл аралык «Agropro Expo 2023» көргөзмөсү өтөт

Ушул айдын 21-23-февралында Өзбекстандын Самарканд шаарында II Эл аралык “Agropro Expo 2023” көргөзмөсү жана агрономия тармагындагы ата мекендик жана чет элдик өндүрүш ишканаларынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган көргөзмөдө өзбекстандык өндүрүүчүлөр иштеп чыккан айыл чарба машиналарынын алдыңкы технологиялары жана жабдуулары, айыл чарба машиналарына запастык материалдар, сугаруу системасына тийиштүү жабдуулар (тамчылатып, тегерек, барабан ж.б.), чарбаларды автоматташтыруу системалары көргөзүлөт. Үч күндө Европанын жана Азиянын алдыңкы компаниялары агро тармагындагы алдыңкы долбоорлорун сунушташат.

Көргөзмө төмөнкү багыттар боюнча өтөт:

  • Агротехника жана агротехнология;
  • Айыл чарба техникасы;
  • Сугат жабдуулары;
  • Жер семирткичтер, көчөттөр, витаминдер.

Эске салсак, 2022-жылы I Эл аралык “Agropro Expo” көргөзмөсүндө 110 компания өнүмдөрүн көрсөткөн. Ага Россия, Түркия, Голландия, Германия жана башка өлкөлөрдөн келген өндүрүш ишканалары жана жергиликтүү ишканалар катышкан. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу