ЕАЭСке мүчө болгон мамлекеттердин жалпы карызы 258 млрд долларды түзгөн. Анын ичинен Кыргызстандын карызы - 4.5 млрд долларды түзүп эң аз көрсөткүчтү берген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Комитеттин маалыматына ылайык, Казакстан жана Россиянын ички карызы, калган үч мамлекеттин - тышкы карызы үстөмдүк кылат. Эң көп карыз - Орусия мамлекетиники 184.5 млрд $ (142.9 $ - ички, 41.6 $ - тышкы) . Казакстандын карызы 41.2 млрд $, анын ичинен 26 млрд $ - ички, 15.2 млрд $ - тышкы карыз.
Белорусиянын карызынын жалпы көлөмү 20.7 млрд $, Арменияныкы 7 млрд $ түзөт.