Талас облусунда жашоо минимуму 2021-жылдын экинчи кварталында 5 миң 829,24 сомду түздү, бул республикалык орточо көрсөткүчтөн 7,9% га жана эң жогорку деңгээлден 12,54% га төмөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитет билдирди.
Ал эми өлкөдө ушул жылдын экинчи кварталында жашоо минимуму 6332 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,6% га жогорулаган.