«Санарип Системс» расмий түрдө Кыргызстандагы төлөм системаларынын оператору болду

06.06.2022, 11:42 Акчабар
«Санарип Системс» расмий түрдө Кыргызстандагы төлөм системаларынын оператору болду

Улуттук банк “Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык, “Санарип Системс” тɵлɵм уюму жана тɵлɵм системасынын оператору” жоопкерчилиги чектелген коомуна лицензияларды берди.

Компания эки лицензия алды:

  • үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия; 
  • өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия. 

“Санарип Системс” тɵлɵм уюму жана тɵлɵм системасынын оператору” ЖЧК боюнча тиешелүү маалыматтар Улуттук банктын расмий сайтында “Банктын милдеттери” / “Төлөм системасы” / “Төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары” бөлүктөрүндө жайгаштырылган төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын лицензияларынын реестрлерине киргизилген. 

Тэги: Нацбанк КР лицензия Санарип системс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу