Саясат таануучу: Кыргызстандык ишкерлер Казакстанга келгенден кийин, ЕАЭБдеги жеңилдиктерди сезишүүдө

27.01.2020, 14:30 Акчабар
Саясат таануучу: Кыргызстандык ишкерлер Казакстанга келгенден кийин, ЕАЭБдеги жеңилдиктерди сезишүүдө

Саясат таануучу Марат Казакпаев «2020-жылы Кыргызстандын экономикасын ЕАЭБде атаандаштыгын күчөтүү боюнча актуалдуу суроолор» аталыштагы тегерек столдо ЕАЭБдин продукция ташуудагы бирдей эмес эрежелерине токтоло кетти. 

«ЕАЭБден чыгуу боюнча эч ким билдире элек. Бирок, маселелер чечилбей ошол боюнча калууда. Эгерде өндүрүүчү маркирлөө тууралуу толук маалыматы жок болсо, анда аларга түшүндүрүп берүү керек. Биздин продукциялар көпчүлүк учурда эч кандай түшүндүрмөсү жок кайрадан кайтарылып келүүдө.  Бул атаандаштыктын бирден бир элементи жана ЕАЭБдин Кыргызстан менен Арменияга болгон мамилеси», - деп айтты. 

Саясат таануучунун айтымында, кээ бир кыргызстандык ишкерлер Казакстанда иштегени келип, эч кандай бут тосуулар болбогонун, ЕАЭБдеги жакшы мүмкүнчүлүктөрдү сезип жатышканын айтышууда. 

«Бирок, биз бардыгыбыз Казакстанга көчүп кете албайбыз да. Лаборатория, маркирлөө жана башка тууралуу ишкерлерге окутуу жургүзүлүшү керек. Бул үчүн ишкерлер төлөп берүүгө дагы даяр», - деп билдирди ал. 

М.Казакпаев башка өлкөнүн соода түйүндөрү, Кыргызстандан товар алууга даяр экенин билдирди. Бирок, кыргызстандык өндүрүүчүлөрдө көлөм жагынан маселе жаралууда. Бул мамлекеттик органдар тарабынан чечилиши керек дейт, Казакпаев. 

 

Тэги: Кыргызстан Казакстан ЕАЭБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу