Ижарага берилген муниципалдык жайлардан шаар бюджетине 100 млн сом түшкөн

18.12.2019, 15:00 Акчабар
Ижарага берилген муниципалдык жайлардан шаар бюджетине 100 млн сом түшкөн

Бишкектеги ижарага берилген муниципалдык жайлардан чогулган каражат 100 млн сомду түздү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

2017-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын кирешеси 48 млн сомго, 2018-жылдын аягында – 88 млн сомго жеткен.

ММБнын ыкчам берген маалыматына ылайык, шаардын ижара акысынан келип түшкөн кирешени дагы 300 млн сомго көбөйтүү планы бар.

 «Белгилей кетсек, бюджеттеги кирешенин көбөйүүсү – эффективдүү иш алып баруу менен байланыштуу жана мэр Азиз Суракматовдун шаардагы муниципалдык менчиктерди масштабдуу түрдө көзөмөлгө алуусунун алгачкы жыйынтыктары. Апрель айынан тарта биз шаардын ар бир бурчун эсепке алып, ар бир квадрат метрге чейин санап, ижарачылар менен таза жана активдүү иштешип жатабыз», — деп билдиришти мэриядан.  

Бишкек шаарынын мэриясы ижара акысын убагында төлөгөн жана келишимдин шарттарын толук кандуу аткарган ишкерлерге ыраазычылык билдирет.

«Бюджеттин көпчүлүк бөлүгүн, биз билимге, саламаттыкты сактоо жаатына жана шаардын бейпил жашоосуна жумшайбыз», – деп жазылат билдирүүдө.

 

 

Тэги: муниципальное имущество сборы городской бюджет УМИ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу