Бүгүн транспорт, турак-жай жана жер тилкесине салык төлөөнүн акыркы күнү

01.09.2022, 10:17 Акчабар
Бүгүн транспорт, турак-жай жана жер тилкесине салык төлөөнүн акыркы күнү

Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 1-сентябрь транспорт, турак жай жана жер тилкесине салык төлөөнүн акыркы күнү экенин эскертти.

Буга байланыштуу Салык кызматы салык милдеттенмесин аткарууга үлгүрбөй калган жарандарды бүгүн аткарууга чакырат.

Белгилеп кетсек, Салык кызматы сентябрь айынан тарта транспорт каражатына, турак-жайга жана жерге салык төлөөдөн качкандарды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзө баштайт. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып пул каралган.

Мындан тышкары, салыктарды банктардын кассаларында, почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Тэги: ГНС КР Налог на жилье аналог

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу