Бүгүн “Азаттыктын” эсеби жабылса, эртең инвесторлордуку жабылышы мүмкүн - Бекешов

02.11.2022, 10:40 Акчабар
Бүгүн “Азаттыктын” эсеби жабылса, эртең инвесторлордуку жабылышы мүмкүн - Бекешов

Парламент  жыйынында депутат Дастан Бекешев “Азаттыктын” эсебин жабуу маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, мыйзамда мындай бөгөт коюунун үч себеби бар. Биринчиси - бул салыктан карызы болсо, экинчиси - арам акчаны адалдап, террорчуларга жана экстремисттерге акча которсо, үчүнчүсү - сот чечими болсо.

“Көпчүлүгү бул "Азаттыкка" гана тиешелүү маселе деп ойлошу мүмкүн. Бирок мыйзамдар бузулбашы керек. Бул өтө жаман көрүнүш, себеби башка тышкы инвесторлор, ички бизнесмендер дагы "бардык эле эсептерди ушинтип бөгөттөп койсо болот турбайбы" деген ойдо калат. Бул банк сектору үчүн өтө терс көрүнүш", - деди Бекешов.

Ал президенттик аппараттан бул окуя боюнча маалымат берүүнү суранды.

Тэги: новости Кыргызстана Депутат Бекешев блокировка счета

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу