Аксы жана Апрель окуяларында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө берилүүчү жөлөкпулдар көбөйөт

20.06.2022, 10:01 Акчабар
Аксы жана Апрель окуяларында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө берилүүчү жөлөкпулдар көбөйөт

Бийлик 2002-жылдагы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жана 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыр тарткандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жөлөкпулдарды көбөйтүүнү көздөөдө. Мыйзамга киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөр коомдук талкуу үчүн министрлер кабинетинин сайтына жайгаштырылды.

Документти иштеп чыккан Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги жөлөк пулдун өлчөмүн 3700 сомдон 5500 сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо.

Аталган мекеме бул жөлөк пулду Аксы жана Апрель окуяларында каза болгон жарандардын 21 жашка чейинки балдары, ата-энелери, ошондой эле бул окуялардын кесепетинен майып болгон жабырлануучулар алышат деп белгилейт. Республика боюнча жөлөкпулдун бул түрүн алуучу 562 адам бар.

Белгиленгендей, жөлөкпулдарды жогорулатуу үчүн жылына 22,4 миллион сом кошумча чыгаша талап кылынат. Каражат жакынкы жылдарга бюджетте каралган эмес. Буга байланыштуу 2022-жылдын бюджетине жана 2023-2025-жылдарга болжолуна керектүү түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Тэги: пособия бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу