Түндүк Корея Бириккен Улуттар Уюмунун Мьянмага гуманитардык жардам көрсөтүү демилгесине 300 миң доллар бергенин The Korea Times жазды.
Түндүк Корея БУУнун Мьянмага коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү жана аскердик төңкөрүштөн кийин жапа чеккендигине байланыштуу азык-түлүк жана гуманитардык жардам долбооруна кайрымдуулук кылды.
Акыркы жолу Түндүк Корея 2005-жылы БУУнун башчылыгындагы жардам долбооруна кайрымдуулук кылган.