Шаарда жүрүүгө уруксат алуу үчүн электрондук портал иштей баштады

12.05.2020, 14:30 Акчабар
Шаарда жүрүүгө уруксат алуу үчүн электрондук портал иштей баштады

Бишкек жүрүүгө уруксат алуу үчүн электрондук портал иштей баштады. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев билдирди.

 

Ал шаарда киргизилген карантинге байланыштуу айрым чектөөлөр каралганын айтып, шаарда аймагында жүрүү уруксаттын негизинде болорун билдирди.

«Уруксаттар өзгөчө кырдаал режиминде иштөөсүнө уруксат берилген экономикалык ишмердиктин чарба субъекттерине берилет. Статистика боюнча, Бишкекте 75 миңден ашык чарба субъекти бар. Ал жакта иштегендердин саны 238 миң адамды түзөт. Шаарда 83 миң жумушчусу бар 3 миң 830 чарба субъектиси ишмердүүлүгүн улантууда, алардын иши токтотулган эмес. Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун экинчи этабында, 11-майдан тарта алдын ала маалымат боюнча, 3 миң 782 чарба субъектисинин иши жанданат. Аларда дээрлик 15 миң киши иштейт», -деди ал.

Анын айтымында, иштөөсүнө уруксат берилген жеке ишкерлер, ишканалардын кызматкерлери шаарда жүрүү үчүн иштеген жеринен маалымкат алып, аны тиешелүү райондук салык кызматына барып, мөөр бастырып алуу керек.

Ошондой эле шаарда жүрүүгө электрондук уруксат алуу үчүн 312.meria.kg порталына арыз калтырууга болот.

«Патенттин негизинде иштеген жеке ишкерлердин жалданма жумушчуларына шаарда жүрүү үчүн уруксат алуусунун кереги жок. Патент уруксат берүүчү документ болуп саналат», - деди ал.

Ал сөзүнүн аягында комендатуранын иши токтогондуктан, алар тарабынан берилген уруксаттар күчүн жоготконун айтып өттү.

Тэги: шаар электрондук портал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу