ЖК депутаты Акылбек Жапаров Спутник радиосунда берген маегинде 2020 - жылдагы парламенттик шайлоого аттана турган партиялар кандай тыянакка келиши керектиги тууралуу ою менен бөлүштү.
«2020-жылда өтө туруучу парламенттик шайлоодогу чекти 9% кылып койсо, анда парламентке басымдуу бөлүк - ишкерлердин келиши күтүлөт».
«Шайлоого аттанган партиялардын көпчүлүк бөлүгү – бийликтен колдоо күтүшөт. Андан сырткары, сөзсүз түрдө акча каражат издешет. Каражатка болгон талап баары бир биринчи орунга чыгат. Бул жагын алып караганда, шайлоого аттануучулар, чиновниктер биригип шайлоо чегин 9%дан 6-7%га түшүрсө болот. Ошондо партияларга көбүрөөк орун тийүү мүмкүнчүлүгү бар».
Андан сырткары, депутат «мындай шайлоодон кийин өкмөттү колдогон партиялардын саны оппозициядан көп болот» – деп билдирди.