Штаб: 5G технологияларынын зыяны тууралуу маалымат фейк

06.07.2020, 16:30 Акчабар
Штаб: 5G технологияларынын зыяны тууралуу маалымат фейк

Бүгүнкү күнгө карата 5G технологиялары Кыргызстандын аймагында киргизиле элек. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Байланыш операторлору КР МТБМК караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин уруксаты жок 5G тармагынын жабдууларын орнотууга жана ишке берүүгө укугу жок. Учурда мындай уруксаттар берилген эмес.

5G тармагын киргизүү жана жайылтуу мүмкүнчүлүгү 2020-жылдын башында карала баштаган. Белгилей кетчү жагдай, 5G жабдууларын пайдаланууда ден соолукка тийгизген терс таасирлери тууралуу эч кандай далилденген тобокелчиликтер жок.

Тэги: штаб 5G технологиялары зыян

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу