Штаб: Мамлекет тараптан аймактык ооруканаларга берилип жаткан жардамдар туура бөлүштүрүлүүгө тийиш

24.07.2020, 18:00 Акчабар
Штаб: Мамлекет тараптан аймактык ооруканаларга берилип жаткан жардамдар туура бөлүштүрүлүүгө тийиш

Мамлекет тараптан аймактык ооруканаларга материалдык жана акчалай берилген жардамдар айылдардагы фельдшердик-акушердик пункттарга да таратылуусу керек. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды, - деп билдрет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

 

«Саламаттык сактоо министрлигинин линиясы аркылуу райондордогу аймактык ооруканаларга жеке коргонуучу каражаттар жана башка медициналык жабдуулар берилүүдө. Мындан тышкары дары-дармек алуу үчүн акчалай түрүндө жардам көрсөтүлүп жатат. Булар айылдарга чейин өз тартиби менен бөлүнүп берилиш керек. Айтылган ишти райондук администрациялардын башчылары - акимдер көзөмөлгө алат», - деди премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Саламаттык сактоо министрлигинин аймактардагы координаторлоруна медицина кызматкерлеринин кадрдык резервин түзүү иштерин күчөтүү милдеттендирилди.

«Ар бир облуста убактылуу бош же башка тармакта иштеп жаткан медицина кызматкерлерин жумушка тартууну күчөтүү керек. Алардын тизмесин түзүп, иш келишимдик негизде жүргүзүлөрүн түшүндүрүү зарыл», - деди Өкмөт башчы.

Ошондой эле аймактарда өпкөнүн сезгениши жана COVID-19 боюнча жаңы учурларлар көп катталып жатканы жана санитардык-гигиеналык эрежелер менен карантиндик нормалар сакталбай жатканы айтылды. Премьер-министр бул багыттагы ишмердүүлүгү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин региондордогу координаторлорунун жана облус жетекчилеринин дарегине сын айтты.

Тэги: штаб мамлекет аймактык оорукана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу