Тигүүчүлөр «Кыргызстанда жасалган» брендин жайылтууга көмөктөштү - Марипов

14.04.2021, 10:00 Акчабар
Тигүүчүлөр «Кыргызстанда жасалган» брендин жайылтууга көмөктөштү - Марипов

Улуттук дүң продукцияны өндүрүүдө, мамлекеттин социалдык маселелерин чечүүдө жана чакан жана орто бизнестин потенциалын жогорулатууда жеңил өнөр жайын өнүктүрүүнүн мааниси чоң. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери менен жолугушууда билдирди.

[жаңылыктар 34015]

Анын айтымында, чакан жана орто ишкерлик кайрадан таза кирешесин азайтып, көмүскөгө кетүүгө аргасыз болушууда. Ошондуктан, адамдар туруктуу жумушка орношуп, акча табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн тармактын ишканаларын колдоо керек.

“Сиздердин жардамыңыздар менен ата мекендик таанымал “Кыргызстанда жасалган” бренди түзүлдү, аны андан ары илгерилетүү керек. Бүгүн текстиль жана тигүү өндүрүшү экспорттун жогорку көрсөткүчү менен ата мекендик экономиканын алдыңкы тармактарынын бири болуп саналат. Коронавирустук пандемиядан улам, өнөр жай чийки зат менен камсыздоону чектөө жана даяр продукцияга суроо-талаптын төмөндөшүнө байланышкан бир катар олуттуу көйгөйлөргө туш болууда. Ошондуктан пайда болгон кыйынчылыктарды биргеликте чечүүгө аракет кылуу биз үчүн маанилүү”, - деди Улукбек Марипов.

Маалымат үчүн: COVID-19 пандемиясына чейинки мезгилде 2019-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 9,7 миллиард сомду жана 2020-жылы 7,8 миллиард сомду түзгөн. Жеңил өнөр жайынын ири үлүшү кийим тигүү тармагына туура келет - 80%. Товарлар 155 миллион долларга чейин экспорттолгон (2020-жылы - 94,1 миллион доллар).

Тэги: легпром промышленность швейная отрасль

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу