Си Цзиньпин чет элдик товарларга бааларды төмөндөтүүгө убада берди

26.04.2019, 11:55 Акчабар
Си Цзиньпин чет элдик товарларга бааларды төмөндөтүүгө убада берди

Китай импорттук товарларга барьерди жоюп, бааларды төмөндөтөт. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын башчысы  Си Цзиньпин Пекиндеги  «Бир алкак – бир жол» формунуда жарыялады.

«Дүйнөдө  калктын өсүшү  менен Кытайдагы орто класстагы  калктын саны дагы көбөйөт. Андыктан, Кытай көп керектөөгө муктаж болот. Суроо талаптардын өсүшүно байланыштуу айрым тарифтерди төмөндөтүп,  барьерди жоебуз. Биз Кытай рыногун дүйнө жүзүндөгү сапаттуу товарлар үчүн ачабыз», – деп билдирди ал. 

Цзиньпин айтымында,Китай – бир эле учурда дүйнөлүк фабрика, жана дүйнөлүк рынок.

«Биз эми товаров менен кызматтардын көлөмүн көбөйтөбүз», – деп айтты Кытайдын лидери.

«Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна Пекинде 25-27-апрелде өтөт. Ага Кыргыз Президенти Сооронбай Жээнбеков жумушчу визити менен барды. Анда бир нече экономикалык долбоорлор каралат. Учурда форумга дүйнөнүн 37 мамлекет башчылары катышууда. 

Тэги: Си Цзиньпин КНР форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу