«Скайнетке» берилген лицензия мамлекетке кайтарылып, 3 млн сом өндүрүлдү

02.02.2022, 13:43 Акчабар
«Скайнетке» берилген лицензия мамлекетке кайтарылып, 3 млн сом өндүрүлдү

“Скайнет Телеком” компаниясынаколдонууга берилген лицензиянын мөөнөтүнмыйзамсыз узартып берүүгөУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана байланыш агенттигинин кызматкерлери айыпталууда.Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан радиожыштык спектрин пайдаланууга берилген лицензиянын мөөнөтүн мыйзамсыз узартууга байланышкан дагы бир коррупциялык кылмыштын бети ачылып, иштин тергөөсү аяктап, соттун кароосуна жиберилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган компанияга колдонууга берилген лицензиянын мөөнөтүн Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана УКМКнын жооптуу кызмат адамдары аталган компаниянын башчылары менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, старттык баасы 6 млн сомдон кем эмес бааланган лицензияны 4 миң доллар өлчөмүндөгү пара аркылуу мыйзамсыз узартып беришкендиги аныкталган.

“Тергөөнүн жыйынтыгы менен “Скайнет Телеком” компаниясынын эки, Мамлекеттик байланыш агенттигинин эки жана УКМКнын бир жооптуу кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси “Коррупция” боюнча иш козголуп, соттун кароосуна жиберилди”,- деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Ал эми “Скайнет Телеком” компаниясына берилген старттык баасы 6 млн 212 миң 850 сомдук лицензия мамлекетке кайтарылып, мамлекеттик бюджетке 3 млн сом өндүрүлдү.

Тэги: УКМК Башкы прокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу