Ушул жылдын январь-май айларына пенсия жана жөлөкпулдардын төлөмдөрү 20 миллиард 754,5 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, төлөмдөр аймактар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
- Бишкек шаары - 3 миллиард 396,2 миллион сом;
- Чүй облусу - 3 миллиард 190,8 миллион сом;
- Нарын облусу - 1 миллиард 655,7 миллион сом;
- Ысык-Көл облусу - 1 миллиард 892,2 миллион сом;
- Талас облусу - 858,9 млн сом;
- Ош шаары —745,1 миллион сом;
- Ош облусу - 3 миллиард 799,2 миллион сом;
- Баткен облусу - 1 миллиард 658,4 миллион сом;
- Жалал-Абад облусу - 3 миллиард 558 миллион сом.
Ушул жылдын май айына карата пенсияларды жана жөлөкпулдарды каржылоо 4 миллиард 182,7 миллион сомду түздү.
Тэги: пенсии Соцфонд деньги пособии