Ушул жылдын январь айынан октябрга чейин пенсияларды төлөөгө 41 миллиард 775,2 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Анын ичинен октябрь айында пенсия жана жөлөкпулдарды каржылоого 4 миллиард 447,9 миллион сом төлөнгөн.
Ошол эле учурда пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөгө негизинен Ош жана Жалал-Абад облустарына 7 млрд 650,2 млн сом жана 7 млрд 168,6 млн сом жөнөтүлгөн.