2019-жылы I-кварталда Россиялыктарга банктар 8.84 млн жаңы насыяларды берип, анын суммасы 1.97 трлн рубль болгон. Ал эми жылдык эсепте 11% өсүп, насыялоо 17% өскөнүн Бириккен Кредиттик бюро отчетунда жазып чыкты.
«Жаңы берилген насыялардын саны 16% өсүп, ушул эле убакта кредиттөө 31% жогорулаган. Январь — март эай аралыгында 3.71 млн карыз нак акча менен берилип 998.35 млрд рубль былтыркы жылы 3.2 млн насыяны 763.45 млрд рублге беришкен эле. Берилген насыянын орточо көлөмү 12% өсүп, 239 миңден 269 миң рубль болгон» деп билдирди БКБ
Ал эми POS-кредит сигментинде жаңы эсептер 1% жогорулап, берилген карыздын көлөмү былтыкыга салыштырганда 5% өскөн. Жыл башынан бери 1.73 млн POS-кредиттин жалпы көлөмү 61.44 млрд рубль болуп, ага чейинки жылга салыштырганда 1.73 млн кредиттин суммасы 58.57 млрд рублге барабар болу. POS-кредит аркылуу орточо чектин баасы 5% өсүп, 34 миңден 35 миң рублга жогорулаган.
«Жаңы карттардын суммасы жылдык эсепте 15% жетип, анда уруксат берген чектөө 25% өскөн. Январь — март аралыгында 2.99 млн жаңы карттар жалып лимити 233.78 млрд рубль менен колдонууга берилген. Жыл ичинде орточо лимит 9% өсүп, 72 минден 78 миң рубльга жеткен»деп билдирди Бириккен Кредиттик бюродон.
Жаңы алынган ипотекалык кредиттер жылдык эсепте 12% кыскарып, насыялоонун акчадагы айлануусу 1% болгон.
«Үч ай аралыгында 241.96 миң ипотекалык кредиттер жалпы суммасы 529.7 млрд рубль, жылына 275.87 мин карызды 535.58 млрд рублге берилген. Ипотекалык кредиттин орточо баасы 13% болуп, 2.19 млн рубль түздү»деп билдирди БКБ.
Автокредиттерди алуу тескеринче 3% пайыздан 16% котөрүлгөн. Бул жылы 133.04 миң карыз 109.1 млрд рубль темир тулпар алууга жумшалган. Автокредиттин орточо көлөмү 12% өсүп, наркы 820 мин рубль түздү.