Соцфонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка көтөрүүнү сунуштады

11.04.2022, 13:44 Акчабар
Соцфонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка көтөрүүнү сунуштады

Социалдык фонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка көтөрүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева парламенттик угуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда учурдагы система боюнча пенсияга эркектер 63, аялдар 58 жаштан чыгат. 

"Айымдар пенсияга эртерээк чыгат. Ошол эле учурда айымдардын орточо жашоо курагы эркектерге салыштырмалуу көбүрөөк. Пенсионерлердин 70%ын айымдар түзөт. Дүйнөдө эркектер менен аялдардын пенсия курагын теңөөгө барып жатышат. Биз азыр теңөө жөнүндө сөз кылган жокпуз. Биз жок дегенде эки жылга узартып, 58 жаштан 60 жашка көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Пенсияга жаш курагы боюнча эркектер 63, аялдар 60 жашта чыга турган кылып",-деди Жуматаева.

Айта кетсек, бүгүн, 11-апрелде "Пенсия системасын реформалоо жана 2023-2026-жылдарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун өнүгүүсү жөнүндө" Концепциянын долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өтүп жатат.

Тэги: Соцфонд пенцияга чыгуу курагы пенсионная реформа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу