Соцфонддун 2021-жылдагы бюджети 1,7 млрд сомдук профицит менен аткарылды

21.02.2022, 09:51 Акчабар
Соцфонддун 2021-жылдагы бюджети 1,7 млрд сомдук профицит менен аткарылды

Соцфонддун жалпы кирешеси 2021-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча, 62 млрд 571 млн сомду түздү. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 6,5 млрд сомго же 11,6%га көбүрөөк

Социалдык фонддун жалпы чыгымдары 60 млрд 807,9 млн сомду түздү. Ошондой эле, 2020-жылга салыштырмалуу 4,2 млрд сомго көп. Муну менен фонддун бюджети 1 млрд 763,1 млн сомдук профицит менен аткарылды. 

Өткөн жылы пенсияга керектелген 50 млрд 819,4 млн сом толугу көлөмдө каржыланды. Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок.

Белгилей кетсек, 2020-жылга салыштырмалуу пенсия төлөөгө керектелүүчү сумма 2 млрд 960,4 млн сомго көбөйдү.

"2021-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 714,6 миң адамды түздү. Алардын ичинен 222,9 миң адам же жалпы санынын 31% «Кыргызпочтасы» МИ филиалдары аркылуу, 491,7 миң адам же 69% коммерциялык банктар аркылуу пенсия алышат. Жыл ичинде пенсионерлердин саны 26,4 миң адамга көбөйдү", - деп билдиришти Социалдык фонддон.

Тэги: Соцфонд Кыргызстан профицит бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу