Соцфонд коррупцияга каршы стратегиялык план иштеп чыкты

07.06.2023, 12:07 Акчабар
Соцфонд коррупцияга каршы стратегиялык план иштеп чыкты

Социалдык фонд 2023-2025-жылдары коррупцияга каршы аракеттенүү жана алдын алуу боюнча иш-аракеттердин стратегиялык планын иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Социалдык фонддун түзүмдүк, мекемелик жана региондук бөлүмдөрүнө белгиленген конкреттүү иш-чараларды көрсөтүп, пландын негизинде коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана профилактика боюнча тийиштүү мекемелик планды даярдоо жана бекитүү тапшырмасы берилген. 

Планды жана мекемелик пландарды ишке ашыруунун жыйынтыктары квартал сайын отчеттук кварталдан кийинки айдын 5ине чейин Социалдык фонддун коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу дарегине жиберилет. 

Планга ылайык төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралар каралган:

  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын көзөмөлдөө; 
  • ЧУА, башкаруучулук жана финансылык чечимдерде коррупциогендик ченемдерди жана механизмдерди табуу жана чететтүү;
  • мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу;
  • иштин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;
  • мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жана Социалдык фонддун кызматкерлеринин арасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү жана коррупцияга каршы үгүттөө иштерин жүргүзүү.

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу