Социалдык фонд апрелде пенсияларды «Кыргыз почтасы» аркылуу үйгө жеткирет

06.04.2020, 17:00 Акчабар
Социалдык фонд апрелде пенсияларды «Кыргыз почтасы» аркылуу үйгө жеткирет

Коронавирус инфекциясынын калк арасында, өзгөчө, карылар арасында жайылышынын алдын алуу максатында Социалдык фонд 2020-жылдын апрель айында ардагерлердин пенсиясын үйгө жеткирүүнү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы аркылуу ишке ашырат. 

Кыргыз Республикасында 670 миң пенсия алуучу катталган, анын 55% пенсияны ар кыл банк мекемелеринен алса, ал эми 45% почта бөлүмдөрү аркылуу алышат. 

Мурда почта аркылуу пенсия алуучулар өздөрү график боюнча почта бөлүмдөрүнө келип, пенсияларын алышчу. Бирок мындан ары орун алган кырдаалга байланыштуу «Кыргыз почтасынын» кызматкерлери ар бир пенсионерге пенсияны үйүнө жеткирип беришет. 

Банк аркылуу пенсиясын карта менен эмес, банктын эсептешүү кассалары аркылуу алган пенсионерлер дагы бар. Мындай пенсионерлер үчүн да бул айда «Кыргыз почтасы» пенсияны ар бирине үй дареги боюнча жеткирип берет. Бул үйдөн чыгууга чектөө киргизүү жана банктардын алдындагы кезектин түзүлүшүн алдын алуу максатында кабыл алынган убактылуу чара. 

Банкоматтардын кызматын пайдалана албаган пенсионерлер үчүн пенсияларды «Кыргыз почтасы» ишканасынын кызматкерлери «РСК Банк» жана «Айыл Банктын» посттерминалдары аркылуу төлөп беришет.

Социалдык фонд тараптан пенсиялык төлөм толук көлөмдө жана бекитилген мөөнөтүндө жүргүзүлөт. Үйлөргө жеткирип берүү төлөм графиги боюнча  «Кыргыз почтасы» ишканасынын күч-аракеттери менен ишке ашырылат. 

Мындан тышкары Социалдык фонд тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар пенсионерлер Соцфонддун райондук башкармалыктарына барбастан, 0 (312) 54-33-16, 0550550145 жана 0 (312) 57-66-61, 0555640416 түз байланыш телефондору, CALL-борбордун 1202 кыска номуру, ошондой эле Соцфонддун www.socfond.kg сайты аркылуу кайрылса болот.

Тэги: пенсия Социалдык фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу